Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары жана айыл чарба министри кызматтарын аркалайт

Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары жана айыл чарба министри кызматтарын аркалайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Белгилей кетсек, Төрөбаев министр кызматына бекитилгенден кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалай берет.

Төрөбаев айыл чарба министри кызматына дайындала турганы тууралуу Reporter.kg 28-сентябрда эле жазган. Өздүк булактар билдиргендей, анда Бакыт Төрөбаевге Айыл чарба министрлигин жетектөө сунушу берилген. Бирок ал министр кызматына бара турган болсо, кызматынан төмөндөй турганын айткан. Мындан улам ага министрлер кабинетинин орун басары кызматын сактап калуу менен Айыл чарба министрлигин жетектөө сунушталган.

Вице-премьер Бакыт Төрөбаев башка кызматка дайындалышы мүмкүн

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>