Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын көлөмү 6%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын көлөмү 6%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ИДПнын көлөмү 270,2 млрд сом өлчөмүндө түзүлүп, реалдуу өсүш 5,7%ды түздү. Бир жыл мурда 1,7% төмөндөө болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, өсүш 3,7%ды түздү (2021-жылдын январь-майында – 2,8%).

«ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары тарабынан да, тейлөө сектору тарабынан да камсыз кылынууда. Муну менен катар товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9%га өссө, 2021-жылдын январь-май айларында тескерисинче 8%га төмөндөгөн», — деп жазат статистикалык комитет.

Кошумчалай кетсек, ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (48,6%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген. Кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүшү 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 4%ды түздү (2021-жылдын январь-майында 3,3%га өскөн).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>