Ысык-Ата милициясынын мурдагы башчысы мыйзамсыз жер алып, эс алуу борборун курган

Ысык-Ата милициясынын мурдагы башчысы мыйзамсыз жер алып, эс алуу борборун курган

Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясынын мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Атанын Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алар документ жасалмалоого, жерди басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМКнын маалыматы боюнча, Р.Т.Р.  жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, 2 гектар жайыт жерди А.А.К.га мыйзамсыз берген. А.А.К. ал жерге A.R.Z. эс алуу борборун курган.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>