Ысык-Көл. 14 миң метр тор жана 5000 кап желим таштанды алынып чыкты

Ысык-Көл. 14 миң метр тор жана 5000 кап желим таштанды алынып чыкты

Ысык-Көл суусун тазалоо боюнча төрт иш-чара өткөрүлдү. Көлдө негизинен тор жана желим таштандылар басымдуулык кылат. Бул тууралуу “Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун директору Анвар Шамсутдинов билдирди.

Анын айтымына караганда, өткөрүлгөн төрт күндүк иш-чаранын жыйынтыгында чогултулган торлордун узундугу 14 миң метрди түздү. Ошондой эле 500 кап желим же 10 тонна желим таштанды алынган.

“Жер-жерлердеги таштандыларды чогулттук, андан кийин эмне кылабыз? Бул көйгөйдү чечпейт. Ошондуктан таштандыларды сырьего айланткан атайын технологиялар бар. Бирок, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик программа керек”, — деди Шамсутдинов.

Ошондой эле анын белгилешинче экологиялык көйгөйдү бийлик органдарынан тарта катардагы адамдар биргилешип чечпесе оң натыйжа болбойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>