Ысык-Көл: Телефондорун таап берген милицияга ыраазылык айтылды

Ысык-Көл: Телефондорун таап берген милицияга ыраазылык айтылды

Жаран уурдалган эки уюлдук телефонун таап берген милиция кызматкерине  ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Орунбай Кочкоровдун атына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургунунан ыраазычылык кат келип, анда Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Мирлан Батиковго автобустун ичинен акча каражатын уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин сапаттуу жана ыкчам иликтегендиги үчүн сыйлоо өтүнүчү менен кайрылган.

Өзүнүн ыраазычылык катында, 18-март күнү Бишкек шаарынан айылга маршруттук автобус менен чыкканын, жанындагы отургучта белгисиз бир жигит болгонун билдирген. Ошондой эле, жолдо уктап калып, кайра ойгонгондо белгисиз адамдар акча каражатын жана эки уюлдук телефондорун уурдап кеткенин маалымдаган.

«Райондук милициянын улук тергөөчүсү Мирлан Батиков мени толугу менен угуп, орун алган уурулук фактысы боюнча кылдаттык менен мени сурап чыкты. Бир нече күндөн кийин эле, мени кайра милицияга чакырып, шектүү жаран менен бетме-бет кезиктирип, тергөө амалдарын өткөрдү. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ушундан улам, мен Тоң райондук милициянын жетекчилигине жана улук тергөөчү Мирлан Батиковго адамдык чоң ыраазычылык билдиргим келет, алар жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп, кыска мөөнөттө кылмыштын бетин ачып, кылмышкерди кылмыш жоопкерчилигине тартышты«, — деп жазылат ыраазычылык катта.

Ошондой эле, жарандын уурдалган эки уюлдук телефону өз ээсине кайтарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>