Голландияда жүргүнчүлөрдү ташыган поезд рельстен чыгып кетти

Голландияда жүргүнчүлөрдү ташыган поезд рельстен чыгып кетти

Нидерландияда жүргүнчүлөрдү ташыган поезд рельстен чыгып кетип, кеминде бир адам каза болуп, 30га жакыны жаракат алды. Кырсык шейшемби күнү эртең менен болгон, бир вагон оодарылып кеткенин Голландиянын куткаруу кызматтары билдирди.

Жабыркагандардын айрымдары оор жаракат алып, Утрехт шаарындагы ооруканага жеткирилген. Жүргүнчүлөрдүн көбү жеринде жардам алышкан.

Поезддердин кыймылын калыбына келтирүү үчүн адистер кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Окуя Түштүк Голландиянын провинциясындагы Вооршотен айылына жакын жерде болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчү ташыган поезд курулуш техникасын сүзгөн. Чоо-жайы айтылган эмес. Жергиликтүү маалымат каражаттары бул рельс үстүндө жүргөн кран экенин айтышууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, поездде 50-60 адам болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, поезддин алдыңкы бөлүгү рельстен чыгып, ортоңку бөлүгү капталына кулап, куйрук бөлүгүнөн өрт чыгып, тез эле өчүрүлгөн.

Вооршотен айылы Гаага менен Лейдендин ортосунда жайгашкан. Окуядан улам бул тилкеде поезддердин кыймылы убактылуу токтотулган. Темир жол компаниясынын башкы директору Pro Rail кырсыктын себептери иликтенип жатканын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Голландия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>