Аксакалдар соту зордукчулдун үй бүлөсүн айылдан кууп чыгуу чечимин кабыл алды

Аксакалдар соту зордукчулдун үй бүлөсүн айылдан кууп чыгуу чечимин кабыл алды

Сокулук районунун Кызы-Туу айылында Аксакалдар соту 16 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган кылмышка шектүүнүн үй бүлөсүн айылдан көчүп кетүү үчүн 3 күн убакыт берген чечим кабыл алды. Бул туурасында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Аксакалдар сотунун жыйынында жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү ал үй бүлөнү айылдан көчүрүү талабын коюшкан. Мындан улам Аксакалдар сотунун курамы айылдан көчүрүү чечимин кабыл алган. Ал үчүн 3 күн убакыт берди.

Аксакалдар сотуна Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук милициясы да катышкан.

5-декбарь күнү, 16 жаштагы кыз жол тоскондон унаасына салып алып, 31 жаштагы айылдын тургуну зордуктап салгандыгы маалымдалган. Учурда ал Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

16 жашар кызды зордуктап кеткен жарандын үй бүлөсүн айылдан кууп жатышат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>