Ырыс Жекшеналиевдин камалышына соцтармактын реакциясы

Ырыс Жекшеналиевдин камалышына соцтармактын реакциясы

Кечээ, 16-августта жаш активист Ырыс Жекшеналиев №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо темир кени тууралуу эски видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн кылмыш иши козголгон. Ал «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталууда.

Активисттин камалышына коомчулук, айрыкча социалдык тармактын колдонуучулары өз пикирин, позициясын билдиришти. Оюн жазган адамдардын басымдуу бөлүгү Жекшеналиевдин мыйзамсыз камалганын белгилешип, сын айтканы үчүн адамды камоо туура эмес экенин белгилешүүдө.

Айрымдар Жекшеналиевге эскертүү берүү менен чектелүүгө болмок деген пикирин жазууда.

Ырыс Жекшеналиевдин апасына уулу менен жолугушуп, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилбегени сынга алынууда.

Ырыс Жекшеналиевдин апасына уулу менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок

Соцтармактын кээ бир колдонуучулары Ырыс Жекшеналиев келечектеги президент болушу мүмкүн экенин жазууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>