Ысык-Көлдө 18 жаштагы кызды зордуктаган жарандын иши жабылды

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кызды зордуктаган жарандын иши жабылды

Ысык-Көл облусунда 18 жаштагы кызды зордуктаган жарандын иши кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Маалым болгондой, айыпталуучу — мурда бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы Асан аттуу (аттар өзгөртүлдү) жаран, үй-бүлөлүү. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Зордуктоо (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон) боюнча айыпталган. Мыйзамга ылайык, сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган.

Иш Тоң райондук сотунда каралып, өкүм 5-апрелде чыккан.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя былтыр 20-февралда болгон. Ысык-Көлөгү эс алуучу жайлардын биринин мейманканасында Асан уктап жаткан Рахаттын бөлмөсүнө кирип, ага күч колдонуп бир нече жолу зордуктаган.

Отурумда Асандын жактоочусу айыпталуучу менен жабырлануучу жарашуу тууралуу макулдашып, кыз тосмо арыз жазганын билдирип, кылмыш аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 154- беренесинин 1-бөлүгүнө (Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу (беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат) которууну өтүнгөн. Ошондой эле, ал айыпталуучуну жазадан бошотуп, кылмыш ишин кыскартууну өтүнгөн. Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза Рахатка “ден соолукка жеңил залал келтирилген” деген тыянак чыгарган.

Соттук процессте Асан күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жаткандыгын, экинчи мындай жолго барбай тургандыгын билдирип, жабырлануучу менен жарашкандыгын айтып, кылмыш ишин кыскартууну суранган.

Жабырлануучу көрсөтмөсүндө, тосмо арыз жазганын, айыпталуучу менен жарашканын, ага карата материалдык жана моралдык доосу жок экенин билдирип, жекече айыптоону колдоодон баш тартарын билдирип, кылмыш ишин кыскартууну суранган.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучу менен жабырлануучунун жарашуу тууралуу макулдашуу жеткенин, аны иш материалдарына тиркөөгө каршы эместигин айтып, ошол эле учурда кылмыш аракетин 154-берененин 1-бөлүгүнө которууга каршы экенин билдирген.

Ишти караган сот айыпталуучунун аракетине юридикалык баа берип жатып, Асан Рахатка коркутуу сөздөрүн айтып, күч колдонуп зордуктаганын, бирок ал жабырлануучунун өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук колдонгону далилденген жок деген тыянакка келип, айыпталуучунун кылмыш аракеттерин 154-берененин 1-бөлүгү боюнча квалификациялоону туура көргөн.

Акырында сот айыпталуучу менен жабырлануучунун жарашканын, жабырлануучу жекече айыптоодон баш тартканын, андыктан кылмыш ишин кыскартууга мыйзам жол берерин жүйө кылып, ишти жапкан. Соңунда сот айыпталуучуну камактан бошоткон.

Сот билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жана ушул кодекстин 154-беренесинин 1-б өлүгүндө (Зордуктоо) жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө  (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) каралган кылмыштарды жасаган адам, эгерде коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларды кошпогондо, ал жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

Соттун чечимине нааразы болгон тарап 10 күн ичинде Ысык-Көл облустук сотуна кайрыла алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>