Аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам бошотулду. Учурда эмне белгилүү?

Аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам бошотулду. Учурда эмне белгилүү?

Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адамдын абактан бошотулганына байланыштуу маркумдун жакындары Ысык-Көл райондук соттун айыпкерге чыгарган өкүмүнө арызданып облустук сотко кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге маркумдун сиңдиси Асел Сакешова билдирди.

Асел Сакешованын айтымында, алар апелляциялык арыз менен облустук сотко 25-июнда кайрылган. Ал бул иш боюнча акыйкаттыкты талап кылып, аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, окуя былтыр май айында болгон. 9-майда күйөөсү мас абалында болуп, 44 жаштагы аялын катуу сабаган. Анын айынан аял ооруканага түшүп, эки күндөн кийин ооруканада көз жумган. Милиция шектүү катары маркумдун 50 жаштагы Ш.К. аттуу күйөөсүн кармаган. Ал сот өкүмү чыкканга чейин бир жылдай тергөө абагында камакта болгон.

Аялын сабап, өлүмгө жеткирген жаранга быйыл 26-майда өкүм чыгып, ал эки жылга соттолгон. Ошол эле учурда анын камактагы бир күнү эки күн деп эсептелип, айыпкер абактан бошотулган.

Жактоочу Зиягүл Арналиеванын айтымында, аталган окуя боюнча кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен козголгон. Бирок сот өкүм чыгарганда, беренени өзгөртүп, «аффект абалында болгон» деген тыянакка таянып, айыпталуучуга жеңил жаза берип койгон.

Соттун чечимине нааразы болгон маркумдун жакындары президентке, Жогорку соттун төрагасына жана башкы прокурорго акыйкаттык издеп кайрылышкан. Маркумдун жакындарынын айтымында, алардын кайрылуусу боюнча бийлик өкүлдөрү тараптан жооп боло элек.

Аталган иш боюнча облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (Аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча эки жылга соттолгон. Тергөө абагында бир жыл отургандыктан, камактагы бир күнү эки күн деп (эки жыл отурду деп) саналып, камактан бошотулган.

Ошондой эле, ал жабырлануучу тарапка моралдык зыян катары 100 миң сом кенемте төлөөгө милдеттендирилген.

Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам бошотулду. Жакындары акыйкаттык издөөдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>