Англияга жолдомо: Англис тилчи мугалимдер арасында сынак өтөт

Англияга жолдомо: Англис тилчи мугалимдер арасында сынак өтөт

2023-жылдын 3-июлунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунундагы Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу өз ишин баштайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги жана “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Долбоор боюнча Кыргызстандын мектептеринде англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуунун жаңы ыкмасын үйрөтүү максатында сынак жарыяланган. 316 мектеп сынакка катышууга даярдыгын билдирди.

Мугалимдер даярдыктан өткөн соң, 5 жылга эсептелген долбоор боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлат.

Сынактын жеңүүчүлөрү Улуу Британияга жолдомо, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Сынактын эрежеси боюнча жеңүүчү катары мектептин директоруна, мугалимге, окуучуларга жана мектептин өзүнө дагы сыйлыктар каралат.

Окууга катышып жаткан мугалимдерге жатакананы – Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми окутууну “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси акысыз уюштурууда.

Учурда долбоорго катышууну каалаган мугалимдердин саны 400гө жакын. Окутуу 5 агымда уюштурулат. Мындан тышкары 6-7 агым боюнча жогорку окуу жайларынын окутуучулары кабыл алынууда.

Долбоордун алкагында 2023-жылдын июль-август айларында 1000 ашуун англис тилинен сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу пландаштырылууда. Ал эми Ысык-Көлгө бара албай турган мугалимдерди онлайн окутуу мерчемделүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>