Кой-Таш окуясы: Ирина Карамушкина соттук отурумдан чыгарылды

Кой-Таш окуясы: Ирина Карамушкина соттук отурумдан чыгарылды

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум өтүүдө.

Бул иштин фигуранттарынын бири мурдагы депутат Ирина Карамушкина соттук отурумдан чыгарылды.

Отурумда прокурор соттук процессти жабык өткөрүүнү өтүнгөндүктөн, сот ал өтүнүч боюнча жактоочулар менен айыпталуучулардын пикирин сураган.

Сөз Ирина Карамушкинага берилгенде, ал күнөөсүн моюнуна албай турганын айтып, прокурордон эмнеге айыпталып жатканын түшүндүрүп берүүсүн сурады. Андан кийин ал президентке кайрылды.

«Президент Садыр Жапаровго, мурдагы кесиптешиме кайрылгым келет. Ал Кой-Таш окуясы жана андан кийинки окуялардын аркасы менен президент болгон. Бул айыптоолор токтосун. Соттук процесстер жасалма создуктурулуп келет», — деди ал.

Карамушкина иш боюнча сөз айтпай, залда ызы-чуу башталгандыктан соттук аткаруучу аны сот залынан чыгарды.

Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Бүгүн, 8-августта Биринчи май райондук сотунун имараты алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары акция уюштурушту.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>