Ысык-Көлдө “Каприз” эс алуу борборунан мушташ чыкты

Ысык-Көлдө “Каприз” эс алуу борборунан мушташ чыкты

Бүгүн, 19-июлда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына «Каприз» эс алуу борборунда жаштардын ортосунда чатак болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.  Бул тууралуу жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал маалымат боюнча окуя болгон жерге дароо мобилдик топтор жана райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери окуя Ысык-Көл районунун Бакты-Долоноту айылынын тургундарынын, туугандарынын ортосунда болгонун аныкташкан. Бир туугандардын ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал мушташууга айланган. Эс алуу жайынын жетекчилиги милиция чакырып, милиция келгенге чейин коопсуздук кызматы чырды жөнгө салган.

Окуянын катышуучуларын суракка алынууда.  Алар арыз жазуудан баш тартышкан.

Бул факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган.

 

Тэги: Каприз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>