Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
“Дастан” ишканасынын директорлор кеңеши алмашты
19.07.2022 | 18:49
«Дастан» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Нурдина Абдылдаев, Анарбек уулу Чыныбек жана Абдинабий Алиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Мындай чечим акционерлердин 15-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү болуп Нурдин Абдылдаев, Аскат Жунушев жана Сталбек Кадыралиев шайланды.
Белгилей кетсек, компаниянын 98,46% акциясы мамлекетке тиешелүү. Акциянын контролдук пакетин башкаруу Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар