Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен адам ооруканада каза болду

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен адам ооруканада каза болду

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-июлда болжол менен саат 18:25те Кара-Ой айылындагы эс алуу борборлорунун биринин пляжында болгон. Катер 42 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Жабыркаган адам Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал Балыкчыда туулуп, кийин Казакстандын жарандыгын алганы белгилүү.

Окуя тууралуу милицияга кабарланып, бул факт каттоого алынган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө катердин ээси Ысык-Көлдүн 32 жаштагы тургуну М.Б. экени, кырсык болгон учурда катерди Кара-Ой айылынын 2006-жылы туулган тургуну А.А. башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Ооруканага түшкөн адам 16-июлда жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган фактыга байланыштуу 127-берене (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 311-берене (Суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>