Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырды
Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Пакистандын президенттеринин сүйлөшүүлөрү өтөт
06.07.2026 | 11:33

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 6-9-июль күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында кеңейтилген курамда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөт.
Тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын негизги маселелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУнун алкагындагы өз ара байланыштарды талкуулашат.
Асиф Али Зардаринин расмий сапары Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өнөктөштүктү жана достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болору белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, Пакистан