Ысык-Көлдө MadWay Rally жарышы өтүп жатат — сүрөт

Ысык-Көлдө MadWay Rally жарышы өтүп жатат — сүрөт

Кыргызстанда 24-июндан 1-июлга чейинки аралыкта өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары, Ысык-Көл облусунун оор шартындагы жолдордо өздөрүнүн унааларын сынашууда.

Жарышка катышып жаткан бардык унаалар, «Безумный Макс: Дорога ярости» көркөм тасмасындагы унааларынын стилинде жасаланган.

Бүгүн, 30-июнь күнү раллинин катышуучулары Ак-Суу районунун Тургөн жергесиндеги жолсуз тилкелерде унааларын сынашууда.

Жарыш алган жерге чейин раллиге катышкан 20дан ашык унаалар, мотоциклдер жана баггилер, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБнын инспекторлору тарабынан коштолуп келди.

Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, негизги автожолдордо эл аралык раллинин катышуучуларын коопсуз жана тоскоолдуксуз жеткирүү максатында, облустук милициянын жетекчилиги тарабынан коштоо иштери уюштурулган.

Ошондой эле, эл аралык ралли өтө турган жерлерде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга 300гө жакын милиция кызматкерлери тартылган.

«Ушундай эл аралык автожарыштар аркылуу дүйнө жүзү Кыргызстан жана анын ажайып кооз болгон жаратылышы тууралуу кабардар болууда», — деп белгилешти мекемеден.

Эскерте кетсек, MadWay Rally эл аралык долбоору Кипрдик ишкер Алексей Губарев тарабынан 2018-жылы ишке киргизилип, алардын катарына негизинен IT-индустриянын ишкерлери чогулган. Буга чейин MadWay Rally эл аралык долбоорунун автожарыштары Монголия, Байкал жана Алтай сыяктуу уникалдуу жерлерде өткөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>