Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушун сындагандарга кайрылды

Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушун сындагандарга кайрылды

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык Асман шаарынын курулушуна старт берилип, президент Садыр Жапаров капсула салды.

Иш-чарада сөз сүйлөп жатып Садыр Жапаров Асман шаары  ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөнүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган Кыргызстандын локомотив шаары болорун белгиледи. Ошондой эле өлкө башчы долбоордун ишке ашыруу боюнча элде кайчы пикир жаралганына токтолду.

“Көл жээгине заманбап шаар салуу аракетиндеги дымактуу планыбызды учурунда сындагандар, ага ишенбегендер да болду. Дүйнөдө болуп жаткан жетишкендиктерден жакшы кабардар болгондор тээ алысты ойлоп, демилгени колдоп-коштоп, мындай ири долбоорлорго коркпой киришүүгө салым кошушту.

Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, “Акылдуу шаар” курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле” деп, буга чейинкидей эле кедейчилик синдромунан чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, “бийликтегилер куру кыял кылып жатышат” деген шашылыш бүтүм чыгара салышты.

Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы десе, экинчи бөлүгү чамабызга чактап иш кылалы деп, кызуу талкуу жаралып келди. Муну биз ачык-айкын талкуу жүргүзө алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары дагы бааласак болот”, — деди президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул арада, тагыраак айтканда, 1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды.

«Асман  шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен Асман экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз.

Учурунда Арабияда Неом, Эмираттарда Маздар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сындуу туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлор ишке ашкан жана азыркы кезде дагы ийгиликтүү өнүгүүдө.

Андыктан, аталган өлкөлөрдүн ой-кыялдары реалдуулукка айланып, дүйнө элин суктандырып, башкаларга үлгү боло алды. Демек, биз дагы Асман шаарын кура алабыз! Башкалардан эмнебиз кем?”, — деди ал.

Асман шаарынын курулушуна старт берүү иш-чарасынан түз эфир

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>