Ысык-Көлдө милиция кытайлык жаранга жардам берди

Ысык-Көлдө милиция кытайлык жаранга жардам берди

Кытайлык турист жоготуп алган рюкзагын кайтарып берген Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлирине ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жакында облустагы туристтик-экологиялык милициянын call-борборуна Кытайдын жараны Хуан Сиоминг чалып, Каракол шаарындагы автобекеттердин биринде рюкзагын унутуп кеткенин билдирген. Ал рюкзагында керектүү документтери жана буюмдары болгонун айткан.

«Чет элдик жаран тарабынан жоготуп алган буюм тууралуу багыттамалар дароо Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жана кайгуул экипаждарына берилип, издөө иштери колго алынган. Көп узабай, шаардык милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чет элдик туристтин жоготуп алган буюмун таап, ээсине кайтарып беришкен. 

Кытай жараны Хуан Сиоминг жоголгон рюкзагын издөөдө көргөзгөн ыкчамдыгы үчүн милиционерлерге ыраазычылыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

 

Облустук милициядан белгилешкендей, чет элдик туристтердин жана эс алуучулардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн туристтик-экологиялык милициянын базасында төрт тилде — англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде call-борбор иштейт.

«Ар бир жаран 0705 009 102 номерине чалып, коопсуз эс алуу жана аймакты жакшы билбесе, багыттоо боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат», — деп билдиришти милициядан

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>