Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Чек ара чырында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул көбөйтүлөт
30.06.2023 | 13:48
2021-жылдын 28-30-апрелинде жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулдун көлөмү жогорулатылат.
Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 77 адам жөлөк пул алат. Эми жөлөк пулдун көлөмү 3700 сомдон 5500 сомго чейин көтөрүлөт.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдагы окуялардын натыйжасында 67 жабырлануучуга 5500 сомдон жөлөк пул берилет.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом