Ысык-Көлдө окуучуларын мал уурулукка тарткан мугалим кармалды

Ысык-Көлдө окуучуларын мал уурулукка тарткан мугалим кармалды

Ысык-Көлдө жогорку класстын окуучуларын бир катар мал уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июнда жергиликтүү тургун Ак-Суу РИИБге кайрылып, белгисиз адамдар малын уурдоого аракет көргөндүгү жөнүндө билдирген. Арыз ээсинин айтымында, 5-июндан 6-июнга караган түнү, саат 03:00 чамаларында, бөтөн үндөрдөн улам, аны текшерүү үчүн, үйдүн короосуна чыккан.

Ошол мезгилде караңгыда, анын сарайынан белгисиз адамдар бир кочкорду уурдап баратканын байкаган. Үй ээси үн чыгарып кыйкырганда, уурулар уурдап бара жаткан малды таштап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Ал ошондой эле, бул биринчи окуя эмес экенин, буга чейин андан 4 баш кой уурдалганын айткан.

Жабырлануучунун арызы Ак-Суу РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеснинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3 пунктарынын (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Ак-Суу РИИБдин милициянын ыйгарым тилкелик өкүлдөрү жана кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, мал уурулука тиешеси бар жарандардын өздүктөрү аныкталган.

Алар Отрадное айылынын 25 жаштагы тургуну Б.Б, 18 жаштагы тургуну Д.С., жана 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. болуп чыгышты. Шектүү болуп кармалгандар, алгачкы жүргүзүлгөн суракта, айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды, январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 25 жаштагы Б.Б. дене тарбия мугалими болуп иштеп, өзүнүн кылмыштуу максатын ишке ашыруу үчүн, өзү иштеген мектептин жогорку класстарынын окуучуларын тартканы аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, алар уурдалган малды Түп айылындагы досуна сатып жиберишкен.

Милиция кызматкерлери уурдалган малды сатып алган адамдын да өздүгүн аныкташкан. Ал, Түп айылынын 24 жаштагы К.С. аттуу тургуну болуп чыгып, андан уурдалган 3 баш кой далил зат катары алынган. Калган 12 баш койду, Каракол шаарындагы мал базардан сатып жибергени белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>