Ысык-Көлдө мас абалда кыздарды сөгүп, кубалаган эки адам кармалды

Ысык-Көлдө мас абалда кыздарды сөгүп, кубалаган эки адам кармалды

Ысык-Көлдүн Түп айылында мас абалда өспүрүм кыздарды сөгүп, кубалаган эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-июлда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө арыз менен Михаиловка айылынын тургуну кайрылган. Арызда, ушул эле күнү саат 17:00 чамасында 15 жаштагы кызын жана анын эки курбусун Түп айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан “Солкулдак” көпүрөсүндөгү сууга түшкөнү бара жаткан учурда, мас абалдагы эки адам эч себебсиз оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кубалаганы жазылган.

Билдирүү Түп РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Териштирүү учурунда, жашы жете элек 15 жаштагы 3 кыз энелеринин катышуусунда суралган учурда, аларды мас абалындагы эки адам оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, адамдык аброюна шек келтиришкенин айтышкан.

«Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдөргө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок, кыздар дене жаракат албаганын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, алар Түп айылынын 1981-жылы туулган К. М. жана 1991-жылы туулган С. Ж. аттуу жарандар экени аныкталган. Сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн мойнуна алып, окуя спирт ичимдиктин айынан болгонун билдиришкен. Учурда тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>