Бишкекте УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Бишкекте УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Өзүн «УКМК кызматкеримин» деп тааныштырып, бирөөнүн 150 миң сомдой акчасын алдап алып, төлөбөй жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Э.М. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2022-жылы сентябрда С.Т. аттуу жаран өзүн «УКМК кызматкеримин» деп алдоо жолу менен ишеничине кирген. Анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин акчалай сыйлыкка тааныштары аркылуу бүтүрүп берүүнү убадалап 158,1 миң сом алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту сырттан камоо чечимин кабыл алып, шектүү издөөгө алынган.

Ош шаардык милициянын кызматкерлери шектүүнү Бишкектин аймагынан кармаган. Учурда ал Ош шаарына алынып кеткен.

«Алдын ала маалымат боюнча, тинтүү учурунда шектүүгө таандык болгон «Антикоррупциялык элдик көзөмөл» коомдук бирикмесине тиешелүү болгон күбөлүк табылган. Кызматтык күбөлүктүн канчалык мыйзамдуу экенин тергөө аныктайт», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>