ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Ысык-Көлдө рейд учурунда 33 мас айдоочу кармалды
23.05.2022 | 09:44
Ысык-Көл облусунда рейд учурунда мас абалындагы 33 айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузган 1243 айдоочуга карата протоколдор түзүлүп, 49 унаа айып жайга киргизилген. 352 айдоочу ылдамдыкты бузган, 21 адам тиешелүү документтери жок унаа айдаган, 78 айдоочу жол белгилерине көңүл бурган эмес, 5 айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок болгон.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузгандыгы үчүн мурда берилген айып пулду төлөбөгөн 18 айдоочу аныкталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом