Видео: Ысык-Көлдө топ балдар эки эс алуучуну сабады. Милиция эмне дейт?

Видео: Ысык-Көлдө топ балдар эки эс алуучуну сабады. Милиция эмне дейт?

Ысык-Көлдө топ балдар көл жээгинде эс алып жаткан эки адамды сабады. Окуянын видеосу «Инстаграмдагы» BespredelKG баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, мушташ бүгүн, 16-августта «Радуга WEST» пансионатына жакын жерде болгон. Скутерди ижарага берген балдар эки эс алуучу менен чырдаша кетип, аларды сабап салган.

Ысык-Көл облустук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, аталган факт каттоого алынып, ыкчам-тергөө тобу окуя жерине чыгып кеткен. Милицияга мушташ тууралуу маалымат саат 19:00до түшкөн.

Белгилүү болгондой, учурда милиция кызматкерлери эки адамды ур-токмокко алган балдарды (скутерди ижарага бергендерди) тапкан. Алар милицияга чыр эмнеден башталганы тууралуу өз версиясын айтып берген. Алардын айтымында, бир эс алуучу скутерди ижарага алып, сууда тээп жүрүп, скутерди чукул буруп жиберген. Скутер оодарылып кетип, моторуна суу кирип кеткен. Эс алуучу моторду оңдотконго акчасын берем деп, скутерди жээкке алып чыккандан кийин акча бербей турганын айткан. Натыйжада алардын ортосунда чыр чыккан.

Мушташ учурунда эки эс алуучу таяк жеген. Учурда милиция алардын өздүгүн тактап жатат.

Скутерди ижарага бергендердин айтымында, сабалгандар жергиликтүү тургундар болгон.

Облустук милициядан билдиришкендей, эки эс алуучуну сабагандар тергөө кызматына жеткирилип, көрсөтмөлөрү алынат.

Азыркы тапта ыкчам-тергөө тобу жеринде ишин улантып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>