Көк бөрү боюнча дүйнө кубогу. Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы

Көк бөрү боюнча дүйнө кубогу. Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык I дүйнө кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Алгачкы эки күндөгү беттештердин жыйынтыгы боюнча турнирдик таблица:

Биринчи күн:

— «Алтай» (Россия) — «Екатеринбург» (Россия) — 5:0;

— «Жаштык» (Кыргызстан) — «Алтын Альянс» (Кыргызстан) — 3:2;

— «Ынтымак» (Кыргызстан) — «Сары-Өзөн» (Кыргызстан) — 5:1.

Экинчи күн:

— «Караганда» (Казакстан) — «Екатеринбург» (Россия) — 2:0;

— «Алтын Альянс» (Кыргызстан) — «Ийгилик» (Кыргызстан) — 5:4;

— «Достук» (Кыргызстан) — «Мурас» (Кыргызстан) — 7:4;

— «Красноярск» (Россия) — «Москва» (Россия) — 6:2;

— «Өзбекстан» (Өзбекстан) — «Алтай» (Россия) — 8:1.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча эл аралык турнир 13-августта башталды. Анын ачылышына КР президенти Садыр Жапаров катышты.

Мелдештер 7 күнгө созулат, бардык беттештер Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт.

Жабылуу аземи жана жеңүүчүлөргө байгелерди тапшыруу 20-августка пландалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>