Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды — видео

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды — видео

Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү баңгизат менен кармалды, деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, август айында ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшөт.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышкан. Ал 26 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган Э.Э. болуп чыккан.

Чолпон-Ата шаарында мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн жаранды токтотушуп, мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөндө, андан жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгы боюнча алынган далил зат, гашиш баңги заттын түрүнө таандык экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөрү аныкталды.

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган жаранга тергөө мезгилинде камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>