Видео: Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан эки адам мүрт кетти

Видео: Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан эки адам мүрт кетти

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылында үрөй учурган жол кырсыктан эки адам каза болду.

Reporter.kg’ге Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жол кырсык 21-мартка караган түнү болжол менен саат 02:00до болгон.

Кичи-Жаргылчак айылындагы аялдамада З.А. аттуу жаран келинчеги И.Э. менен Каракол шаарына кетүү үчүн аялдамада турушкан. Ошол учурда Оргочор айылынын А.Ы. аттуу тургуну Audi унаасы менен бара жатып, аларды көрүп калган. Аларды ала кетүү үчүн токтоп, унаага отургузуп жатканда, Volkswagen Golf IV унаасынын К.К. аттуу айдоочусу Audi унаасын сүзгөн.

Анын айынан окуя жеринде Audi’нин айдоочусу жана унаага отуруп жаткан И.Э. аттуу аял киши каза болгон.

Ошондой эле, Volkswagen Golf IV унаасынын айдоочусу, Audi’деги жүргүнчүлөр — З.А. (жубайы каза болду) жана А.Б. аттуу жарандар ооруканага жаткырылган.

Медициналык текшерүү жол кырсыгын жасаган Volkswagen’дин айдоочусу мас абалында болгонун аныктаган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Окуя болгондон кийин социалдык тармактарга кырсыктын видеосу тарады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>