Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Ысык-көлдө жардан түшө албай калган койчу куткарылды
17.02.2022 | 09:53
Ысык-көлдө жардан түшө албай калган койчу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы “Ак-Жар” жайлоосунда 47 жаштагы А.А аттуу эркек киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып өз алдынча түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат 102-кызматынан түшкөн.
Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин жалпы 6 куткаруучусу тартылып, жогору аталган жаранды жардан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда абалы жакшы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом