Ысык-Көлдө зордуктоого аракет кылган деп чет өлкөлүк кармалды

Ысык-Көлдө зордуктоого аракет кылган деп чет өлкөлүк кармалды

Ысык-Көлдө зордуктоого аракет кылууга шектүү катары Монголиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга Бишкектин 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, болжол менен түнкү саат 01.00до Монголиядан келген чала тааныш жаран эс алуу жайларынын биринде мас абалында болуп, зордуктоого аракет кылган. Кыздын айтымында, аталган жаран бетине бир нече жолу уруп, денесине залал келтирген.

Бул окуяга шектүү делип Монголиянын жаранын кармаган. Анын жанында 36 жаштагы Я.Г. аттуу адамга таандык паспорт болгон.

Милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37, 154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан иш тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлдү.

ИИМден белгилешкендей, Кыргызстандын Интерпол Улуттук борборунун өкүлдөрүнүн жардамы менен, шектүү катары кармалган адам Монголиянын 31 жаштагы Д.Л. аттуу жараны экени аныкталган. Ал өз өлкөсүндө алдамчылык фактылары боюнча издөөдө жүргөн.

Ошондой эле, шектүү өз мекендешинин паспорту менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Материалдар райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча тергөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>