Ракка чалдыккан 7 жаштагы Ясминдин үй-бүлөсү жардам сурайт

Ракка чалдыккан 7 жаштагы Ясминдин үй-бүлөсү жардам сурайт

Ракка чалдыккан 7 жаштагы Ясмин Алмазбекованын үй-бүлөсү кыргызстандыктардан дарылануу үчүн акча топтоого жардам сурайт.

Кыздын таежеси Айсалкын Алмазбекованын айтымында, алар Ясмин ак кандуулук (острый лимфобластный лейкоз) менен ооруп жатканын жакында билген.

«Башында дене табы көтөрүлүп жатты. Эч жери оорубай беш күндөй дене табы көтөрүлүп, үйдө жатты. Андан кийин №3 ооруканага алып бардык. Ал жактан жалпы кан анализин тапшырдык. Эртеси күнү жыйынтыгы чыгып, лейкоциттери көп экенин айтып, Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнө жөнөтүштү. Ал жактан Ясмин менен апасын ооруканага жаткырышып, анализин алып, лейкоз деген диагноз койду», — дейт ал.

Алмазбекова билдиргендей, дарылануу үчүн көп каражат кеткендиктен кыздын үй-бүлөсү алгачкы дарылоону Кыргызстанда өткөрүп, андан кийин Россияга же Түркияга алып барууну пландашууда.

«Ооруканада 10 күндөн бери жатат. Ушул шаршемби күнү химиялык дарылоо башталат. Азырынча биринчи химиялык терапияны бул жактан алалы деп жатабыз. Себеби рак клеткалары күндөн-күнгө көбөйө берет экен. Учурда чет өлкөгө алып барганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биринчи химиялык терапия жакшы өтүп кетсе, каражат топтолгонуна жараша Россияга же Түркияга алып барууну чечебиз. Мурда дарылангандардын айтымында, Түркияга барып, биринчи дарылоо курсунан өтүү үчүн 60 миңден 100 миң долларга чейин кетет экен. Россия менен Түркияга анализдерин жөнөттүк. Азырынча жооп келе элек», — дейт таежеси.

Учурда Ясмин апасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаткандыктан, акча топтоо иштерин кыздын таежеси колго алган.

Ясмин Алмазбекованын үй-бүлөсү жана жакындары дарыланууга көп каражат кете тургандыктан, кайдыргер эмес жарандарга кайрылып, Ясминдин дарылануусуна акча топтоого жардам берүүнү суранат.

Белгилей кетсек, жакында 17-майда Ясмин 8 жашка чыгат.

7 жаштагы Ясмин Алмазбекованын дарылануусуна жардам берүүнү каалаган жарандар төмөнкү реквизиттерге акча которо алышат.

МВАNK: +996 706 374 911

«Айыл Банк»: 1350142010926766

О! Деньги: +996 704 451 145 (Айсалкын Алмазбекова)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>