Ысык-Көлдөгү суудагы «Формула-1» жана туристтик долбоорлор — Министрлер кабинетинде эмнелер талкууланды?
КР Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрүп, анда «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстандын Гран-приси. Ысык-Көл — 2026» эл аралык спорттук иш-чарасына даярдык көрүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүү маселелери каралды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ал суудагы «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионаты Борбор Азияда биринчи жолу өтө турганын жана бул Кыргызстанга өзүнүн туристтик жана инвестициялык потенциалын эл аралык аудиторияга таанытууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Касымалиев тармактык мамлекеттик органдарга мелдешти жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле аймактын инфраструктуралык жактан даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Андан тышкары, тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап инфраструктураны түзүүгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган «Чаткал курорту» улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү каралды.
Кеңешменин жыйынтыгы менен тармактык ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.
Эскерте кетсек, турнир 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдө өтөт. Расмий иш-чаралар 31-июлга пландаштырылган, ал эми жарыштардын өзү 1–2-август күндөрү болот.