Түнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт
Бишкекте мектеп окуучусун сүзүп, өлүмгө дуушар кылган автобустун айдоочусу кармалды
13.07.2026 | 15:04

Бишкекте тогуз жаштагы мектеп окуучусун сүзүп кетип, өлүмүнө себепкер болгон автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан (ИИББ) билдиришти.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, эртең мененки саат 09:00 чамасында ZHONG TONG үлгүсүндөгү автобустун Б.М. аттуу айдоочусу Жаш Гвардия бульвары менен түштүктү көздөй бара жаткан. Ал Рыскулов көчөсү менен кесилиштен оңго бурулуп жатып, 9 жаштагы баланы сүзүп алган. Бала жандандыруу бөлүмүнө (реанимацияга) жеткирилген, бирок кийинчерээк ал каза болуп калган.
Жол кырсыгы фактысы боюнча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (“Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголду.
Автобус атайын айып короосуна токтотулду. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Айдоочу беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.