Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин ысымын берүү сунушталды

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин ысымын берүү сунушталды

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын атын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев билдиргендей, шейх Заед бин Султан — Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган. 2022-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

Талкуунун журүшүндө депутат Адахан Мадумаров республиканын аймагында Кыргызстандын чыгаан инсандарынын ысымы ыйгарылган чокулар барбы деп сурады. Терс жооп алган эл өкүлү чокуларга өлкөнүн улуу инсандарынын, баатыр ата-бабалардын ысымдары менен аташ керектигин белгиледи.

Бул пикирди депутаттар Марат Мураталиев, Мирлан Самыйкожо колдошту. Муну менен катар депутат Мирлан Самыйкожо өлкөдө 8 миң мөңгү бар экенин белгилеп, аларга Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмерлеринин, даанышман жетекчилеринин атын берүүнү сунуштап: «Аталыштарды ыйгаруу менен чектелбестен, аларды сактап калуу үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл», — деди Мирлан Самыйкожо.

Депутат Русланбек Жакышов мындай чечимдер коомдук пикирди эске алуу менен кабыл алынышы керектигин кошумчалады.

Ал эми депутаттар Балбак Түлөбаев, Коргонбай Жусупбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Аманкан Кенжебаева мөңгүгө аталышты ыйгаруу дос мамлекеттин лидерине, негиздөөчүсүнө болгон сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган тажрыйба экенин айтып, мисал катары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнө жүзү боюнча көптөгөн объектилерге ыйгарылганын эске салышты.

Талкуунун соңунда мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды.

Мындан тышкары,  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан №331 аты жок мөңгүгө “Падыша Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Белгилей кетсек, Буга чейин президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда  Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылганын билдирген.

Эрбол Султанбаев маалымдагандай, Садыр Жапаров Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырган.

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>