Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-мартта милицияга С.М. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А. аттуу жаран ишенимине кирип, курулуш базарынан лесаны ижарага алып, башка бирөөлөргө 78 миң сомго сатып жиберген. Акчаны өзүнө керектеп салган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Ю.А. аттуу жаран кармалып, убактылу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, кармалган жарандын башка алдамчылык фактыларга катыштыгы болушу мүмкүн. Ага байланыштуу милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, 0( 700) 972-222 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>