Ысык-Көлдүн милициясы балдарга окуу куралдарын берди

Ысык-Көлдүн милициясы балдарга окуу куралдарын берди

Ысык-Көлдө быйыл биринчи класска бара турган балдарга, милиция кызматкерлери окуу куралдарын тапшырышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы окуу жылынын башталышынын алдында салтка айланган «Мектепке жол» кайрымдуулук акциясынын алкагында, Ысык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн келечектеги мектеп окуучуларына жаңы окуу куралдарын тапшырышты.

Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору жана ардагерлери үй-бүлөлөрү убактылуу турмуштук оор кырдаалда туш болгон балдарды жаңы окуу жылына чогултууга жардам беришүүдө.

Жаңы окуу жылынын алдында Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери жана ардагерлери Ананьево айылындагы жети балага окуу куралдарын тапшырышты.

Мектеп окуучуларынын белектери окууга бардык керектүү окуу куралдары менен жабдылган. Белектерди тапшырган милициянын ардагери Темирбек Мендегулов балдарды келе жаткан Билим күнү менен куттуктап, мектептен жакшы гана бааларды алууларына тилектештигин билдирди.

Мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында өткөрүлмөкчү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>