Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Казакстанда түкүргөн адамдарга жаза күчөтүлөт
25.08.2022 | 12:05
Алмата шаарынын полициясы тургундарды түкүргөн адамдардын сүрөттөрүн жана видеолорун жөнөтүүгө чакырды, деп жазат Tengrinews.kz.
Буга чейин жергиликтүү депутаттар түкүргөндөр үчүн жазаны катаалдаштырууну жана түкүргөндөрдү видеокөзөмөлдөөчү камералардын жардамы менен табуу сунушташкан.
Шаар мэриясы түкүрүү шаардын көркүн гана бузуп тим болбостон, ар кандай бактериялардын жайылышына да себеп болорун белгилейт.
Алматы маслихатынын депутаты Сергей Пономарев коомдук жайларда жүрүм-турумдун кошумча эрежелерин иштеп чыгууну, анын ичинде түкүрүүгө тыюу салууну сунуштаган. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният көчөгө түкүрүүгө тыюу салуу сунушун колдогон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом