Ысык-Көлгө чөгүп жаткан жигитти милиционерлер куткарып калышты

Ысык-Көлгө чөгүп жаткан жигитти милиционерлер куткарып калышты

Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан жигитти милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 18-июлда саат 12:20 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында катталган.

Кызмат өтөп жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери, милициянын старшиналары — Артур Ашимбаев жана Эркинбек уулу Дүйшөнбек, полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери, милициянын сержанттары — Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков сууга чөгүп жаткан жигитти көрүп, тез арада куткарып калышкан.

Куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып, өткөрүп беришкен.

Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>