Кыргызстанда 1106 аз камсыз үй-бүлө соода тармагында бизнес ачышты

Кыргызстанда 1106 аз камсыз үй-бүлө соода тармагында бизнес ачышты

Кыргызстанда 1106 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык келишимдин алкагында тейлөө жана соода тармагында бизнес ачышты. Мындай маалыматтарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бизнес-долбоорлорду иш чөйрөсүнө бөлүштүрүүнү талдоонун жыйынтыгы боюнча келтирет.

Маалыматка караганда, 1106 үй-бүлөнүн ичинен 586сы соода чөйрөсүндө кызмат көрсөтсө, 317си тамак-аш азыктары менен соода кылат, 269у кеңсе товарларын, кийим-кечелерди, телефондорду, этнотоварларды, зер буюмдарын, тоюттарды, шиналарды сатуу боюнча иш алып барат.

Ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү 520 долбоордун ичинен дээрлик ар бир экинчиси такси кызматын көрсөтө баштады (191 долбоор). Дагы 159 долбоор — бул коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүү (ашканаларды ачуу, нан жана кондитердик азыктарды өндүрүү, полуфабрикаттар жана башкалар) боюнча ишке ашкан.

Мындан тышкары, 26 сулуулук салону, 21 мончо, 7 бут кийим устаканасы, 22 курулуш шаймандарынын ижарасы, ошондой эле кир жуучу жайлар, химиялык тазалоо, бильярд, авиакасса, туризм, билим берүү, бут кийим устаканалары ачылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>