Коомдук интернетке пакистандыктардын Ысык-Көлдө самынданып жаткан видеосу чоң талкууга айланды. Мындан улам Ысык-Көл милициясы пакистандык конокторго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көлгө самынданып жуунуга болбостугун айтышкан.
Мындан тышкары коронавирус илдетине байланыштуу атайын эрежелерди сактоого чакырышкан.