Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Zagreb Open мелдеши: Айпери Медет кызы финалда – видео
04.02.2023 | 19:32
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинин финалына чыкты.
Ал бүгүн, 4-февралда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Анын биринчи атаандашы индиялык Киран Киран болуп, аны далысын жерге басып, жеңишке жетти.
Андан кийин чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күч сынашып, бул атаандашынын да далысын жерге басып, жеңүүчү болду.
Ал эми жарым финалдык кармашта Айпери Медет кызы кытайлык балбан менен күрөштү. Ал 2:1 эсебинде алдыда келе жатып, беттештин соңку 20 секундасында атаандашынын далысын жерге басып жеңишке жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт