Садыр Жапаров мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун жана символикасын бекиттиАрмения Орусиядан товарларынын импортуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну сурандыКыргызстандагы банктардын тиркемелеринде Apple Pay кызматы жеткиликтүү боло баштадыАкыйкатчы Кыргызстандын медреселеринде балдардын укуктары бузулганын аныктады — кенен маалыматДүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спорт түрлөрү тууралуу роликтерди чыгардыЕвробиримдик «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетине киргизди — Улуттук банктын жообу
Көкөмерен дарыясына жүргүнчүлөрү менен түшүп кеткен унаа изделүүдө
02.07.2019 | 11:26
Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаа изделүүдө. ӨКМдин маалымат кызматынан билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында түшкөн.
“Жоголгон унааны издөөгө бүгүн ӨКМден 97 куткаруучу тартылды. Мындан башка 20 жергиликтүү тургун издеп жатат. Ал эми унаанын ичинде канча адам болгону ИИМ тарабынан такталууда”, – деди ӨКМден.
Ал эми Turmush.kg сайты Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси үй-бүлөсү менен 30-июнь күнү Суусамырга, Кожомкул балбандын 130 жылдыгына кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын жазып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар