Жактоочу: Камчы Көлбаевдин колунда куралы болбосо керек (видео)

Жактоочу: Камчы Көлбаевдин колунда куралы болбосо керек (видео)

Курчоого алынган Blonder Pub кафесинин алдында жактоочу Сергей Манукян  Камчы Көлбаев менен жолугушууну күтүп турат.

Ал журналисттерге берген комментарийинде кримтөбөлдүн учурдагы абалы боюнча эч кандай маалыматы жоктугун, эмнеден улам кармоо операциясы жүрүп жатканын дагы билбестигин айтты.

«Азырынча ар кандай имиштер гана айтылып жатат. Мен кирип жолугуп чыккандан кийин гана так айта алам. Каза болгондугу тууралуу дагы маалымат калп болсо керек. Анткени, адатта курал кармаган адамга каршы ок чыгарышат. Анда куралы болбосо керек», — деди Сергей Манукян.

Белгилей кетсек, күбөлөрдүн айтымында, бүгүн саат 15.00гө жакын имарат курчоого алынып, ок атылган. Күч органдарындагы өздүк булактар УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясын жүргүзүп жатканын кабарлашкан. Коопсуздук кызматы операция жүрүп жатканын ырастап, андан башка маалымат бере элек.

Окуя болгон жерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин орун басары Эркинбек Аширходжаев келип кетишти. Министрдин орун басары журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Айрым маалымат булактары Камчы Көлбаевдин кармалганын, атайын бөлүктүн кызматкеринин жаракат алганын жазышууда.

Тез жардам кызматынын үч унаасы келип, дарыгерлер имараттын ичине кирип кеткени маалым.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>