Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында бөлүмдөр ачылды

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында бөлүмдөр ачылды

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында тез жардам кардиология, шашылыш терапия, шашылыш неврология жана кыска мөөнөттүү медициналык тез жардам бөлүмдөрү ачылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, азыр оорукана калкка курч оорулар, травматизмдер, уулануулар, ошондой эле массалык травматизмдер жана кырсыктар болгон учурда күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн шаардын көп тармактуу адистештирилген мекемесине айланды.

Шашылыш кардиология, шашылыш терапия, шашылыш неврология жана кыска мөөнөттүү медициналык тез жардам бөлүмдөрү калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган. Бардык керектүү нерселер менен жабдылган. Медициналык персонал менен камсыздалган жана бейтаптарды кабыл алууга даяр болду.

Эске сала кетсек, буга чейин  Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору (BNICTIO) Тез жардам клиникалык ооруканасына айландырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>