Жакында эле камактан бошотулган Тилек кайра уурулук кылып колго түштү — сүрөт

Жакында эле камактан бошотулган Тилек кайра уурулук кылып колго түштү — сүрөт

Чүй облусунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн райондук милициясына Лебединовка айылынын 37 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 22-декабрында пластик терезелерди чыгарып, үйгө кирип, зер буюмдарды уурдаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгына “уурулук” беренеси менен катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 45 жаштагы Ч.М. жана 21 жаштагы Х.А., “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан учурда айланма жолдон кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда аталган унаа Бишкек шаарынын аймагынан уурдалганы белгилүү болду.

Уурулук фактысы боюнча Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы “автотранспорт каражатын уурдоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле текшерүү учурунда унаадан буюм далилдери табылган.

Кошумчалай кетсек, ушул эле материалдын алкагында жогоруда аталган адамдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, керектүү иш-чаралардын жүрүшүндө алардын шериги кармалып, ал мурда издөөдө жүргөн Ысык-Ата РИИБден качып кеткен адам болуп чыккан. Ал 1995-жылы туулган Тилек Акматов болгон. Ал кармалып, бирок жакын арада эле шаардык сот тарабынан камактан бошотулган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>