Жалал-Абад: Ири көлөмдө “марихуананы” абакка ыргытып кетишти

Жалал-Абад: Ири көлөмдө “марихуананы” абакка ыргытып кетишти

ИИМ: Түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ыргыткан жаран кармалды

Жалал-Абадда Түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ыргыткан жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  10-январь күнү Жалал-Абад шаарында болжол менен 05:30 чамасында №10 түзөтүү мекемесинин короосуна белгисиз адам тарабынан скотч менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар 17 таңгактагы баңгизатты ыргытышкан.

12-январь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

14-январь күнү Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургуну 1975-жылы туулган М.Б. кармалды. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, түзөтүү мекемесине ыргытылган баңгизат “Марихуана” экендиги аныкталды. Анын жалпы салмагы 9 кг.430 граммды түздү.
Кармалган жаран Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>