Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Баткенде баңгизаттарды сатуучу колго түштү – сүрөт
22.02.2022 | 11:52
Баткен облусунда милиция кызматкерлери баңгизатын сатуучу менен анын шеригин кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ак-Татыр айылында Ош-Исфана унаа жолунун боюнда жайгашкан «Максатбек» дүкөнүнүн жанынан Баткен районунун 47 жаштагы тургуну баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан баштыкка оролгон 3 кап афган гашиши табылган. Ошол эле күнү анын 46 жаштагы шериги кармалган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, баштыктарда 2 килограмм 846,9 грамм салмактагы гашиш болгон. Кармалгандар Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар