Жалал-Абад: Кримчөйрөнүн дагы 5 өкүлү кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Жалал-Абад: Кримчөйрөнүн дагы 5 өкүлү кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Жалал-Абад облусунда 5 жаран кылмыштуу чөйрөнүн идеологиясын колдобой тургандыгын билдирип чыгышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 9-11-октябрь күндөрү облус аймагында милиция тарабынан «Бандит» аталышында профилактикалык иш-чара жүргүзүлгөн.

«Аталган операциянын алкагында Жалал-Абад олустук жана Сузак, Ноокен, Токтогул райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында кылмыш чөйрөсүндө өз ордулары бар 5 жаран Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой тургандыгын билдирип чыгышты. Алар мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса жоопкерчилик тартууга даяр экендиктерин айтышты», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаев кармоо операциясы учурунда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп, ага байланыштуу жок кылынганын билдирген. Ошондой эле ал мындан ары Кыргызстанда кылмыштуу топтор болбой турганын айткан.

Акыркы күндөрү Кыргызстандагы кримчөйрөгө тиешеси бар адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тарта турганын, мыйзам боюнча жашай турганын айтып чыгышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>