Сот кылмышка шектүү 4 өспүрүмдүн камалганы боюнча айтты

Сот кылмышка шектүү 4 өспүрүмдүн камалганы боюнча айтты

Акыйкатчы институтунун 14 жаштан 16 жашка чейинки төрт жашы жете элек өспүрүмдү бошотууга чакырган маалыматы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту төмөндөгүлөрдү билдирди.

Шаардык соттон маалымдашкандай, Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы Б.Х., С.М., Д.Д. жана Э.Н аттуу өспүрүмдөргө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн караган.

Белгилей кетсек, иштин материалдарында көрсөтүлгөндөй, 2023-жылдын 24-августунда жогоруда аталган жашы жете элек өспүрүмдөр бейбаштык максатта, алдын ала сүйлөшүп алып, акчасын тартып алуу максатында Ю.А.Аны сабап салышкан, ал алган жаракатынан улам каза болгон.

“Сот тарабынан Б.Х., С.М., Д.Д. жана жана Е.Н.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган. 2023-жылдын 31-сентябрына чейин соттолуп, айыпталуучулардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа бербеген Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү К.Р.га карата жеке аныктама чыгарылган. Тактап айтканда, тергөөчү соттук-медициналык эксперттин корутундусуна карабастан, айыпталуучунун аракеттерин жасалган кылмыштын оордугуна жараша классификациялаган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Свердлов райондук соту билдиргендей, жогорудагы адамдарга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартуу чечими Бишкек шаардык сотуна даттанылды. Апелляциялык инстанция Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>