Жалал-Абад облустук милицияга 2 унаа тапшырылды (сүрөт)

Жалал-Абад облустук милицияга 2 унаа тапшырылды (сүрөт)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук милицияга президент Садыр Жапаровдун атынан 2 унааны тапшырды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда облустук милицияга унаалар белек кылынарын айтып кеткен. Бүгүн, 9-сентябрда милиция кызматкерлерине убадаланган Toyota Corolla жана Mercedes-Benz Sprinter унаалары тапшырылды.

Унааларды тапшыруу иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облустук милициянын башчысы Жеңишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад ОИИБнин жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары катышкан.

«Камчыбек Ташиев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин мыйзамдуулукту сактоого, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, кылмыштуулук менен тайманбастан күрөшүүгө чакырды. Милициянын техникалык базасын чыңдоого мындан ары дагы көңүл бурула тургандыгын, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылып, биргеликте тынчтыкты сактоо керектигин белгиледи. Ошондой эле атайын багыттагы бөлүктүн жумушуна токтолуп, алардын кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү ордун белгилеп, президент Садыр Жапаровдун атынан 2 автоунаанын ачкычтарын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасына тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук милициянын башчысы Жеңишбек Абитов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>